www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Наманган облусунун жашоочусу үй-бүлөлүк жаңжал учурунда жубайына жана 3 кызына балта менен кол салып, андан кийин өзүнө өрт койду. Анын кесепетинен өзү, жубайы жана кичүү кызы каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жубайлардын эки кызын куткарып калышкан.

Окуя 13-июнь күнү болгон. 1976-жылы туулган киши аялы менен уруша кетип, балта менен бир нече жолу анын башына жана мойнуна чапкан. Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Андан кийин үй-бүлө башчысы 2010-2012-2020-жылдары төрөлгөн кыздарына кол салып, денесине жаракат келтирген. Кичүү кызы окуя болгон жерде каза болсо, эки кызы кошуна үйгө качып кетүүгө жетишкен. Ал эми эркек киши ашканада өзүнө өрт коюп, ошол жерде көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости