www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Андижан шаарындагы төрөт үйүнөн 21 жаштагы келиндин жансыз денеси асынып турган абалда табылды. Ал ошол төрөтканада көз жарганы тууралуу маалыматты өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркум 2-июнда дени сак уул төрөгөн.

Асынып алган 21 жаштагы келиндин жолдошу бар жана бул анын биринчи төрөтү. Ал алгач терапия бөлүмүнө жаткырылып, кийинчерээк жалпы палатага которулган. Ал эми дарыгерлер анын жүрүм-турумунан шек жараткан эч нерсе байкаган эмес.

Бирок аны менен бир палатада жаткан аялдар келин көпкө чейин бир чекитти карап тура бере турган адатын жана буюмдарды чачканын көрүшкөн.

Анын сөөгү 7-июнда төрөткананын имаратындагы жер төлөгө кире бериштен табылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маркум төрөгөндөн кийин өзүн аскан төрөт үйү

В Андижане 21-летняя девушка родила мальчика и повесилась в роддоме

Булак: NazarNews.kg

Последние новости