www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-июнда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 21…23 градус болот.
Булак: NazarNews.kg