www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Американын лидери Дональд Трамп менен сүйлөшүү учурунда Күрдистан Жумушчу партиясы жана Сирия күрттөрүнүн өзүн-өзү коргоо күчтөрү АКШдагы толкундоолорду уюштурууга катыштыгы бар болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Эрдоган маектешине АКШдагы зомбулук жана талап-тоноочулуктун артында турган элементтердин Сириянын түндүгүндө иштеген PПK / YPG террордук уюму менен байланышы бар деген кооптонууну бөлүштү",- деди Түркиянын Президентинин администрациясы.

Эске сала кетсек, 25-майда Миннеаполистин полиция кызматкерлери афроамерикалык Джордж Флойдду кармашкан. Кармоо учурунда милиционер ал кишинин мойнуна тизеси менен тумчуктурган. Флойд тумчугуп баратканын айтып, кыйкырган, бирок укук коргоо кызматкерлери буга көңүл бурушкан эмес. Натыйжада ал реанимацияда көз жумган. Бул Кошмо Штаттарда массалык нааразычылыктарды жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости