www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 135 346,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 163 039,0 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 27 692,2 млн. сом суммасында белгиленди.

2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралардын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости