www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жараны, журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине каршы арыз менен Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу журналисттерге анын кызыкчылыктарын билдирген юристтердин бири Наталья Котик билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзбек жаранын өлкөдөн чыгарууга укугу жок болчу. Мындан тышкары, адвокаттар бөлүмдүн кызматкерлеринин журналистти мыйзамсыз камакка алуу аракетине каршы доо арыз менен кайрылышкан.

Бобомурод Абдуллаев Кыргызстанга Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) чакыруусу менен төрт айлык окуудан өтүү үчүн келген. Бирок, окуусун бүтүргөндөн кийин, коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам кете албай калган.

Ал өзбек бийлигинин талабы боюнча кармалган. Соттун чечими менен Бобомурод Абдуллаев эки айга камакка алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган. Андан кийин ал Өзбекстандын бийлик органдарына өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости