www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-февралда соцтармактарда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын Шавкат Мирзиёевге жолдогон каты чыкты. Кат анын Лондондо жашаган кызы Имандын “Инстаграмдагы” баракчасына жарыяланган. Бул тууралуу ЖМКлар да жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, катта Гүлнара Каримова президент Шавкат Мирзиёевге “көп жылдан бери жеке тааныш адам” катары кайрылган. Ал кылмыш иштери Конституция нормаларын бузуу менен тергелип жатканына даттанган.

Гүлнара Каримова өзүнө жана балдарына таандык жалпы суммасы 1,2 миллиард долларга барабар мүлкү мамлекеттин карамагына өткөнү менен материалдык зыянды жабуу катары эсептелбей калганын белгилеген.

Ал кылмыш иши жабылса, үй-бүлөсүн жана ден соолугун сактоо үчүн Швейцарияда тоңдурулган акчалай каражаттан баш тартууга даяр экенин билдирген. Каримова банктык эсебинде 686 миллион АКШ доллары калганын билдирген.

Мурдагы президенттин кызы саламаттыгы өтө начарлап кеткенин жана олуттуу операцияларга муктаж экенин кошумчалаган.

Гүлнара Каримова Шавкат Мирзиёевге жолдогон катында: «Биз балдарыбыз, неберелерибиз менен жети жылдан кийин чогуу жашайбыз жана бул үчүн сизге ыраазы болобуз деп ишенебиз», – деп жазган.

Гүлнара Каримованы алгач АКШ жана Европа өлкөлөрү коррупцияга байланыштуу кылмыштар үчүн айыптап, бир нече иш козгошкон. Андан соң Гүлнарага Өзбекстанда да кылмыш иши ачылган.

Баштапкы соттун чечими боюнча Гүлнара Каримова үй камагында жашаган. Бирок 2019-жылдын март айында үй камагынын шарттарын такай бузган деген жүйө менен аны Ташкент облусундагы аялдар колониясына которушкан. Каримова менен анын кызы үй камагынын шарттарын бузбаганын айтышкан. Бирок Каримовага улам жаңы айыптар тагылууда.

2017-жылдын декабрь айында АКШнын Финансы министрлиги «Кубаттуу уюшкан кылмыштуу синдикат түзгөн, мамлекеттин мүлкүнө кол салган» деген айып менен Гүлнара Каримовага санкция жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости