www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал майору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялады. Тажик генаралынын айткан сөзү эмнеден кабар берет?
Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бузуку иш-аракет”
- Тажик генералынын сөзү бул чагымчылдыктан кабар берет. Анын “Баткен тажиктердин жери” деген сөзү кыргызтажик элдеринин ортосундагы миң жылдык достугун бузууга арналган бузуку иш-аракеттер деп ойлойм. Тажик өкмөтүнөн расмий каналдар аркылуу “генералдын сөзү тажик өкмөттүн расмий позициябы?” деп сурашыбыз керек.
Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер: “Бул жерде мандем бар, Тажикстанда чиновниктер оозуна келгенди оттой бербейт”
- Биздин расмий бийлик ушул маселе боюнча Тажик бийлигине атайын кайрылуу жасашы абзел. Антпесе болбойт. Тажик тараптын расмий бийлик өкүлү айтып аткан соң жоопсуз калбашы керек. Бул көрүнүштү мен тажик бийлиги тарабынан жасалган атайын чагымчылдык деп эсептейм. Ал жакта бийлик күчтүү, ар көрүнгөн чиновник оозуна келгенди оттой бербейт. Демек бир мандем бар. Тажиктин көчөдөгү бир жараны айтып койсо да маани бербесек болот эле. Тескерисинче, азыр тажиктерге карап калган Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздын жери болгон. Аны тастыктаган 1925-жылкы карта чыкканда билинди го. Ал жерди мекендеген эл да кыргыздар экени анык.
Шайлообек Атазов, чемпион: “Элди кайраштырган генералга тажик президенти чара көрүүсү керек ”
- Баткен эч кандай тажиктердин жери эмес! Баткен кыргыздардын жери! Тажик генералы чоң жаңылыштык кетирди. Сүйлөөрдөн мурун тарыхты окуп алса жакшы болмок экен. Тарыхты билбей туруп эки элди кайраштырууга үндөгөн чакырык деп эсептейм. Буга тажик президенти чара көрүүсү керек. Эки коңшу, тууган элдин мамилесине доо кетирген жетекчи жооп берүүсү керек! Биз өзүбүздүн мекенди, жерди эч кимге бербей, көздүн карегиндей сактап келечек муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!
Улукбек Маматаев, коомдук ишмер: “Тажик генералы кыргыздардан анан тажиктерден кечирим сурап, кызматынан кетиши керек”
- Бул нерсе тажик генералдын сабатсыздыгын, тарыхты билбегенин далилдеди. Генерал убактысы болгондо кыргыздын тарыхын окуп, ээлик кылган жерлерин билип алышы керек. Ошондой эле кыргыздардан, анан тажиктерден кечирим сурап, кызматынан кетиши керек. Андай кылбаса, даражалуу кызматтагы генералдын сөзү орунсуз болуп калды. Тагыраагы, анын сөзү тажик элине да, бийлигине да абийир алып келбейт. Анткени, чек аранын 90 пайыздан ашыгы чечилген. Кыргыз эли эзелтен бери эле өз жеринде жашайт. Кыргыздар ээлик кылган жерлер картада дагы жазылган. Тажик генералы эгер миңдеген жылдар мурдагы тарыхты айтып жаткан болсо, ал башка кеп. Анда да кыргыздар уттурбайт. Кыргыздар каганат куруп, дүйнөнүн жарымын ээлеген. Сибирден бери кыргыздын жери болгон деп билдирүү таратсак, кемчонтойлугубузду көрсөтүп коюшубуз мүмкүн. Тажик генералындай болбой, бүгүнкү күн менен да эсептешишибиз керек. Ойго келгенди оттой бербей ойлонуп, абайлап сүйлөшүбүз керек. Даражалуу мамлекеттик кызматтагылар, өзгөчө күч органдарында иштегендердин элдин ортосуна жик салып, сүйлөөгө акысы жок. Анткени, мындай сөздөр тынчтыкты каалабаган адамдардын сөзү болуп калат. Бул биринчиси. Экинчиси, биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү, коргонуу күчтөрүбүздү карап чыгып, реформа кылып, күчтөнтүп, армиянын абалын жакшыртышыбыз зарыл. Күч структураларыбыздын шартын жакшыртпасак, тажик генералы бизди тоготпогондой сүйлөп мазактагандай таасир калтырыптыр...
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мындай түшүнүгү тайкы, көп нерсеге акылы жетпегендер көп”
- Дүйнөдөгү ар бир чала сабаттуу адамга комментарий бере албаймын. Мындай түшүнүгү тайкы, көп нерсеге акылы жетпегендер көп.
Булак: "Майдан.kg"