www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан профсоюздар федерациясынан кийин “Кыргыз темир жолу” ишканасында дагы абал курчучудай болуп калды.

Себеби, ишкананын темир жолдогу аскерлешкен күзөтчүлөрү алардын жетекчиси Нурлан Тамаевдин атына нааразычылыктарын билдире баштады. Күзөтчүлөрдүн айтымында, Тамаевге чейин коллективде бир калыптагы атмосфера болсо, анын келиши менен кызматкерлер эки ажырым болуп, далай күзөтчүлөр ээлеген кызматтарынан негизсиз бошотулган.

Башка күзөтчүнүн маалыматы боюнча өткөн жылдын 4-декабрында радиоузел жайгашкан штабдык вагонго мина алып киришкен. Ошол эле учурда аны эч ким текшерүүгө алган эмес. Ал үчүн эки миң сом өлчөмүндө пара берилген дешет кызматкерлер. Тартип боюнча ал жерге пара эмес, кичинекей кагаз алып кирүүгө болбойт. Бул факты боюнча убагында текшерүү болуп, жыйынтыгында эки гана жөнөкөй коштоочу жазаланган. Күзөтчүлөрдүн айтымында, Тамаевдин мыйзамсыз иштерин санап бүтүү мүмкүн эмес.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости