www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 20-сентябрында саат 19:15 минутада белгисиз жаран Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө “102” телефон аркылуу Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын, Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгы кабарлаган.

Аталган факт боюнча маалымат Араван РИИБдин КЖБРнин электрондук маалымат журналына 2020-жылдын 20-сентябрында саат 19:42 минутада катталып, алгачкы текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: 

2020-жылдын 20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Араван районунун С.Юсупова айыл аймагына караштуу, Араван айылынын М.Султанов көчөсү менен Токтогул Сатылганов көчөсүнүн кесилишинде 100 чакты адамдын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча агитация маалында саясий партиянын талапкери И.Мнын катышуусунда чогулуш өткөрүү үчүрүнда, белгисиз себептерден чыр чыгып, чогулган элдер арасында уруш чыккан.
Натыйжада 2020-жылдын 20-сентябрь күнү саат 21:30га карата Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар түрдүү дене жарааттары менен кайрылышкан, андан сырткары 5 автоунаа каражаты талкаланган.


Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен (жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми башка физикалык жактар 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат.) Араван РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө калган мушташкан 12 жаран ооруканада жаткандыктан жакынкы убакта алар да суракка алынмакчы. Араван РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук- медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүлөт.
Урматтуу, Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына кандидаттар! Ички иштер органдары ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында, шайлоочулар менен жолугушуу учурунда алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну суранат!
Бул окуяда эл менен жолугушуу өткөргөн талапкер алдын ала жолугушуу өткөрүүчү жери жана убактысы туралуу ички иштер органдарына кабарлаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости