www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасында мекендештери үчүн жасалма виза даярдаган кыргызстандык жаран камакка алынды. Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-сентябрда Анталия шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого жасалма визасын берген" деген айып менен кыргызстандык Ш.Т. жана түрк жараны А.О. камакка алынганы жазылган.

15-сентябрда Анталия шаарында полициянын рейди маалында кыргызстандык мигранттын визасы жасалма болгону тастыкталган. Мигрант мекендеши Ш.Т.га 3300 лира (440$) бергенин жана ал Түркиянын Миграция департаментинен виза алып бергенин, анын экенин билбегенин айтып берген. Бул окуядан кийин Анталия шаардык полициясы атайын операция уюштуруп Ш.Т. жана А.О.ну камакка алышкан. Полиция операцияда шаардагы бир кеңседе жасалма мөөр жана документтерди конфискациялаганы кабарланды.

Анталия шаардык прокуратурасы Ш.Т. жана А.О.го "Алдамчылык" жана "Мамлекеттик документти жасалмалоо" беренелери боюнча айып коюлуп, сот аларды камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык, бул өлкөдө расмий документтерди жасалмалаган адам эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости