www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгалда жалгыз мугалим өз үйүн мектеп кылып балдарды окутат

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кең-Суу айылында мугалим Токтожума Стаханов беш жылдан бери өзүнүн эки бөлмөлүү үйүн мектеп кылып жасап, башталгыч класстын балдарын окутат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка боюнча, 17 түтүн жашаган Кең-Суу айылында орто мектеп жок болгондуктан окуучулар коңшу айылга барып билим алууда кыйынчылык жаралып жеке турак үйдү мектепке айлантышкан. Учурда 30 окуучунун 11и үй мектепте бир гана мугалимден билим алат.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Кең-Суу айылындагы эл менен жолугушуусунда мугалим Токтожума Стахановго ыраазычылыгын билдирди. Кең-Суу - Кабак айыл өкмөтүнө караштуу алты айылдын бири.

ЖУМГАЛДАГЫ КЕҢ-СУУ АЙЫЛЫНА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТКИРИЛИП, КАРЛИК МЕКТЕБИНДЕГИ БАЛДАР ТИПТҮҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ОКУТУЛАТ Жумгал...

Опубликовано Нарыном Облусу Четверг, 17 сентября 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости