www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынан жабыр тарткан жарандарга насыялык каникул берүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Аталган мыйзам чыкканга чейин насыя алган россиялыктар 30-сентябрга чейин кредиттик каникул сурап кайрыла алат. Бирок бул үчүн ишкердин кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу бир айда 30 жана андан көп пайызга төмөндөгөн болушу шарт.

Каникул учурунда айып пул, туум чегерүүгө, мөөнөтүнөн мурда акча төлөтүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары, керектөөчү насыя алгандардын үстөгүнө чектөө киргизилди.

Белгилей кетсек, Путин 25-мартта эле элге кайрылган жана анда 30-марттан 5-апрелге чейин бир жумалык эс алуу жарыялаган. Ошондой эле Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелде өтө турган референдумдун мөөнөтүн илдетке байланыштуу кийинкиге жылдырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости