www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев коронавирус жана экономика боюнча пикирин билдирди.

- Саламатсызбы Бакыт мырза, карантин мезгилинде эмне менен алек болуп жатасыз?

- Биз аймактардагы калкты азык-түлүк менен камсыздоо максатында дистанттык штаб уюштурдук. Партиянын аймактардагы өкүлдөрү зарыл нерселерди аныктап жатышат. Ун өндүрүүчү ишканаларды буудай менен камсыздоо максатында Россия жана Казакстандын айыл-чарба ишканалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул - аймактарды үзгүлтүксүз ун менен камсыз кылуу максатын көздөйт.  

- Карантин мезгилинде Кыргызстандыктарга эмне менен алектенсин деп кеңеш жана сунуш берет элеңиз.

- Убакытты туура бөлүштүрүү үчүн тайм-менеджментти колдонууга кеңеш берет элем.  Булар - жумуш, билимди өркүндөтүү, үй-бүлөгө көңүл буруу жана ден соолукка кам көрүү.

- Сиздин оюңузча Кыргызстандын экономикасына кандай зыян тийгизет? Кайра калыбына келүү үчүн канча убакыт кетет?

- Кыргызстандын экономикасына жана каржы системасына сөзсүз түрдө зыяны болот. АКШдагы жана бир катар Европа өлкөлөрүндөгү абал көрсөткөндөйзыяндын орду чоң болушу мүмкүн. Демек, пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү бир топ убакытты талап кылат. Көп нерсе биздин өкмөттүн экономиканы калыбына келтирүү боюнча комплекстүү планды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды. Эгерде биз импортко басым жасабасак жана контрабандисттерди токтотпосок анда биздин экономика эч качан туура нукта өнүкпөйт.

- Кабыл алынган чаралар (Өзгөчө абал, комендаттык саат) жетиштүү деп эсептейсизби? Эгер күчөтүш керек десеңиз кандай? Эгер жеңилдетиш керек десеңиз кандай?

- Республиканын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилгени туура болду. Бирок, жалпы өлкө аймагына карантин киргизгенде гана  коронавирустун жайылышына ийгиликтүү каршы күрөшө алабыз деп ойлойм. Муну Италия менен Испаниянын кайгылуу тажрыйбасы тастыктап турат. Коронавирустун көбөйүп жаткандыгын эске алганда, өлкө боюнча өзгөчө абал  режимин киргизүү маселесин карап чыгуу мезгили келди деп эсептейм.

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости