www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-май күнү кечки саат 20:00дөр чамасында, Ош – Исфана жолунун 1-чакырымында 2005-жылы төрөлгөн Кыргыз-Кыштак айылынын тургунун патрулдук милициянын автоунаасы койдуруп кеткен. Натыйжада 6-класста окуган кыз денесинен оор жарат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми автоунаада Өзгөн райондук патрулдук милициясынын ага тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Адахан Арабаев болгон. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда ага лейтенант Арабаев минип жүргөн МВД 275 B мамлекеттик белгидеги кызматтык автоунаа айып короосуна киргизилип, кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

Булак: "oshpirim.kg"

Последние новости