www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочулардын көйгөйлүү делген маселелерин КР Өкмөтүнө жолдошкону боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеңешине тиешелүү бир катар мүлктөр бар. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги сындуу күч түзүмдөрүнүн ардагерлери баштаган топтор тарабынан бул мүлктөр талашка түшө баштаган маал. Депутат Кожобек Рыспаев КР Өкмөтүн бул маселени териштирүүгө чакырды.

“4 жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай келе жатат. КР Өкмөтү буга чейин соттун чечимин күтөбүз деп келсе, эми “Таза коом” долбооруна камтыйбыз деп жатат. Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча бирдиктүү позициясы жок”,- дейт депутат Аида Салянова.

Депутат Гүлшат Асылбаева күз-кыш мезгилдерине даярдык боюнча көмүр менен камсыздоо жаатында казак компаниялары менен келишим түзүү тууралуу КР Өкмөтүнүн токтомун сынга алып, көмүр менен камсыздоодо ата мекендик компаниялардан көмүр алуу көлөмүн жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

Республиканын баардык аймактарында үй салууга жер тилкесин трансформациялоо маселеси курчуп барат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Иса Өмүркулов жер тилкелерин трансформациялоо маселеси боюнча КР Өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы дале чыкпай келе жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйын менен Бишкек – Кара-Балта, Сосновка – Суусамыр жолдорунун абалы менен таанышып келишкен. Депутат Сайдолимжон Жураев көчмө жыйын тууралуу айтып, Сосновка – Суусамыр жолунун абдан начар абалын, Төө-Ашуудагы туннелде желдетүү таптакыр иштебей калганын, жарыктандыруу болсо абдан начар экенин баса белгиледи. “Сосновкада аталган туннелдин абалын жакшыртуу, кармоо үчүн чогултулган каражаттар кайда кетет. Бул жерде 40 адамдын иштөөсүнүн канчалык зарылдыгы бар?”,- дейт.

“Ысык-Көл облусундагы экологиялык, тазалык маселелери: көл жээгин, көлдүн ичин таштандылардан арылтуу, саркынды сууларды тазалоо иштери жылбай жатат”,- дейт депутат Максат Сабиров.

“Балыкчы - Корумду” жолун салып жаткан кытайдын “Лонг-Хай” компаниясы жергиликтүү компаниялар менен субподряддык келишимдерди түзгөн. Бирок келишимге ылайык аткарылган иштерге каражат төлөнбөй келет. Бул маселе боюнча КР Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылса, эч кандай кыймыл жок болуп жатат. Мындай маселени депутат Бактыбек Райымкулов көтөрүп чыкты.

Электр кубатынын тарифине эл нааразы болуп жатканын айткан депутат Бакыт Төрөбаев өйдө-ылдый кылбай эле тарифти 1 сомдон кылса туура болоорун белгиледи. Ошону менен катар тоолуу аймактарга делген 1000 кВаттык жеңилдик аздык кылаарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости