www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун мындай чечимине нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышканын маалымдашты.

Алар облустук соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат.

Жакындарынын айтымында, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, төрөгөндөн кийин белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жабырланган кыз учурда таенесин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости