www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликте турган адамдарды мамлекеттик тилде иш алып баруусун буюргандан кийин көп узабай кызы Дарига Назарбаева Казакстанда орус тилинин статусун коргоп чыкты.
Бул тууралуу Eurasianet аналитикалык басылмасы жазды. 26-февралда өткөн жыйында Нурсултан Назарбаев маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев казакча берилген суроого жооп кайтара албаганы үчүн аны уяткарып, аткаминерлер мамлекеттик тилде эркин сүйлөшүү керектигин эскерткен.
1-мартта Казакстан парламентинин Эл аралык мамилелер жана коргонуу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева өлкөдөгү улуттар аралык ынтымак үчүн орус тилине маани берүү керектигин айтып:
“Эч ким орус тилин тыйган жок. Башкаларды сыйлап, тил маселесинде кызуу кандуулукка алдырбашыбыз керек. Бир да атуул сүйлөгөн тили үчүн кемсинбей, Баш мыйзам уруксат берген тилде бардык мамлекеттик ишмердик толук кандуу ишке ашканы жакшы” – деди. Казакстанда казак тил макамына ээ, ал эми орус тили улут аралык баарлашуу тили катары саналат.
Булак: "Мантыш"