www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда белгисиз адам жигитти сабап салган видеотасма тараган. Буга чейин кол салуучуну жеке короодо бир нече ондогон адамдар курчап алышкан. Видеотасма Искен Афиджановдун Facebook баракчасына жарыяланган.

Бул окуя ушул жылдын жылдын 20-сентябрында, саат 07:44 тартылганы көрсөтүлөт. Тасмада көрүнүп тургандай белгисиз адам башка эркектердин курчоосунда туруп, бата алат, андан кийин үйдүн (чайхананын же мечиттин) жеке короосунан чыгып кетет. Андан кийин анын алдынан бир жигит туруп калат, аны эки киши кармап алып, аны башынан ура баштайт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, социалдык тармактын дагы бир баракчасында видео Өзгөндө тартылып, жарандарды Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, азыр “Биримдик” партиясынан талапкер Нодирбек Каримов чогултуп жатканы көрсөтүлгөнү айтылууда.

Бул окуяга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү видеотасма фактысын тастыкташканын, бирок видеого кимдер жазылып калгандыгын билишкен жок деп билдиришти. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости