www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүнө жайылган коронавирус пандемиясы Улуу Британияда эң жогорку чегине жетти. Бул тууралуу Англиянын башкы санитардык дарыгери Крис Витти билдирди.

"Биз Улуу Британияда абалдын начарлап бараткандыгын көрүп жатабыз. Пандемиянын туу чокусунда турабыз. Вирус сезондук оорулар көбөйүп жаткан кыштын суугуна чейин жайылышын көзөмөлгө алышыбыз керек", - деди Витти.

Эртең, 22-сентябрда Британиянын премьер-министри Борис Джонсон сыналгыдан элге кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Анда министр мекендештерине акыркы эскертүүнү берет: же коомчулук коронавируска каршы сактык чараларын так сакташы керек, болбосо күчөтүлгөн карантин киргизилет.

Кечээ, 20-сентябрда, өлкөдө 3 899 адам коронавируска чалдыккандыгы белгилүү болду. Ага чейин эки күн катары менен бул көрсөткүч 4 000ден ашкан. Бул 8-майдан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Учурда өлкөдө коронавирусту 394 257 адам жуктуруп алган. Рейтинги боюнча өлкө жогорку орунда турат. Бүгүнкү күнгө чейин, коркунучтуу вирустан каза болгондордун саны 41 777ге жетти. Калыбына келтирүү боюнча статистика жашыруун бойдон калууда.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости