www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ички иштер министрлигинин Чүй жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктары Жалал-Абад шаарынан мурда бир нече жолу соттолгон, милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган 28 жаштагы кишини чогуу кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жарандын жанынан тапанча жана бейсбол союлу табылган. Шектүү 16-сентябрда уурулук боюнча милицияга түшкөн ыкчам маалыматтарды текшерүү учурунда кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

кошумчалай кетсек, буга чейин ар кандай кылмыштар үчүн шектүү катары 16-сентябрда Жалал-Абадда бир, Бишкекте үч уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы кабарланган.

Бул боюнча ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

Шектүүнүн жанынан табылган курал

Булак: NazarNews.kg

Последние новости