www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Букингем сарайынын басма сөз кызматы Улуу Британиянын жаңы падышасы Чарльздын Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсүн жарыялады. Ал апасынын өлүмүн "чоң кайгылуу учур" деп атады. Падышанын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
"Менин сүйүктүү апам, Улуу Даражалуу ханышанын өлүмү мен жана менин үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү үчүн терең кайгыруу учуру", - деп айтылат королдук үй-бүлөнүн Твиттерде тараткан билдирүүсүндө.
«Урматтуу эгемен жана сүйүктүү эненин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мен бул жоготуу биздин өлкөдө, бардык падышалыктарда жана шериктештиктерде, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча сансыз адамдарга таасир этээрине ишенем. Бул аза күтүү жана өзгөрүү мезгилинде мен жана менин үй-бүлөм ханышага ар дайым айтылган урмат-сый жана терең боорукердик ишеними менен сооронуп, колдоо көрсөтөбүз», - деп белгиленет текстте.
Бүгүн, 8-сентябрда Букингем сарайынын басма сөз кызматы ханыша Елизавета IIнин каза болгонун билдирди. Улуу Британиянын жаңы падышасы 1952-жылы тактынын мураскору статусун алган Чарльз болду. Өлкөнүн жаңы монархы Карл III деген ысымды алды.
Булак: NazarNews.kg