www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пайызсыз микро жана орто бизнеске 72 млн $ бөлүнөт

Экономика министрлиги Азия инфраструктуралык инвестиция банкы менен бирдикте жеке жана каржылык секторду колдоо үчүн 72 мл.н $ бөлдү. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда банктын өкүлдөрү менен жоолугушууда экономика жана Каржы министри Руслан Татиков менен Борбордук казынанын директору Заир Чокоев билдирди.

Алардын сөзү боюнча, долбоордун максаты орто жана кичи бизнести колдоп, кризистен чыгуу жана жумушчу орундарды сактап калуу. Экономика министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоорго 72 млн $ пайызсыз кайтаруу жолу менен берилди.

Анын 30 млн $ (100 миң сомдон ар бирине) кичи бизнестин ишкерлерине берилет. Кичи жана орто ишканалар, юридикалык жана физикалык жактар 42 млн $ алышат (ар бирине 825 миң сом ар бирине).

Тийешелүү келишимге "Азия Банкы", "Финанскредит банк", "Айыл Банк" жана "КБ Кыргызстан" кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости