www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын же башка өлкөлөрдүн курамына эч качан кирбейбиз. Мындай пикирди бүгүн, 9-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов билдирди.

- Медеткан агай айтсаңыз, биздин 6000 кыргыз жараны Орусиянын карамагына кирүүгө даяр деген расмий жарыя чыкты. Буга сиз кандай карайсыз?

- Ошентип айткан киши бирөөнүн кулчулугунан, көз карандысыздыгынан чыга албаган адам деп эсептейм. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн кылымдар бою ата-бабаларыбыз эңсеп, заркакшап, кан төгүп, көзүнүн жашын төгүп чоң үмүт менен алып келген. Ошондуктан, биз эч убакта эгемендүүлүгүбүздү жоготпошубуз керек. Кыргыз эли Орусиянын же башка өлкөлөрдүн курамына эч качан кирбейбиз.

Бир мамлекеттин этегин кармап ошого кире калалы, өзүбүздө болгон кыйынчылыктын баарын ошол мамлекеттин элине, бийлигине жүктөп коёлу деген кыргызстандыктарга айтып коёюн, айланайындар, мындай сөзүңөрдү токтоткула! Улуу эгемендүү мамлекетин түзгөн кишилердин бири катары айта кетсем, бул эгемендүү Кыргыз Мамлекети биздин ата-бабаларыбыздан калган керээз. Биздин милдетибиз бул керээзди, бул эгемендүү Кыргыз Мамлекетин мындан ары чыңдап, бекемдеп, аркалап дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошушубуз керек. Кыргызстандыктар бактылуу турмушта жашашы үчүн бири-бирибизге көмөктөшүшүп, аракет жасап баарыбыз бирдей иштешибиз шарт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости