www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык окумуштуулар кенеден адамга жуга турган вирустун жаңы түрүн табышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы кытай окумуштуулары кенеден адамга жуга турган Jingmen tick virus (JMTV) аталышындагы вирусту аныкташкан. Ал эми жакында эле Роспотребнадзор мекемесинин "Вектор" илимий борбору ошол вируска окшош, кенеден адамга өтө турган дагы бир вирусту капысынан таап алышты.

"Вируска Ростов облусундагы Маныч дарыясынын аты берилип, илимий документтерде Manych деген ат менен каттоого алынды. Ал адамды кене чагып алган учурда жугат. Жыйынтыгында инфекциялык илдетти пайда кылып, денени калтырак басат", — деди аталган борбордун кызматкери Анастасия Гладышева.

Белгилей кетчү жагдай, адистер азырынча вирустун тарап кетүү коркунучу жоктугун, бирок мутация болушу толук мүмкүн экенин айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости