www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" комиссиясынын башчысынын маданият боюнча орун басары Ахмадулла Васик Афганистанда аялдар спорт менен алектене албай турганын билдирди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.

Ал белгилегендей, бул тыюу улуттук командадагы спортчу кыз-келиндерге да тиешелүү.

"Аялдарга крикет ойноого болбойт деп ойлойм. Оюн учурунда алардын бети же денесинин башка жери ачылып, элге көрүнүп калышы мүмкүн. Исламда аялдардын денеси көрүнбөшү керек. ЖМКларга сүрөттөрү, видеолору чыкса элдин баары көрөт. Ислам жана Ислам Эмирлиги аялдардын крикет ойноосуна же алардын жүзү, келбети (фигурасы) көрүнгөн кандайдыр бир спорт менен алектенүүсүнө жол бербейт", — деген Васик.

Бул чечим өз кезегинде Афганистандын крикет боюнча эркектер курама командасынын Австралия менен беттешине кедергисин тийгизет. Анткени Эл аралык крикет кеңеши (ICC) бекиткен эрежеге ылайык, уюмга мүчө болгон 12 мамлекеттин баарында эркектер жана аялдар командасы болушу зарыл.

Крикет азыркы учурда Афганистанда эң кеңири жайылган оюн болуп саналат. Өткөн жылдын ноябрында Афганистандын Крикет боюнча кеңеши менен 25 спортчу кыз-келин келишим түзгөн. Төңкөрүштөн кийин алардын көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кетишкен.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости