www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында эки баланын энесин унаа сүзүп кетип каза болгон. Иштин материалдары шаардык сотто каралып, тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу токтотулган.

Жол кырсыгы 2021-жылдын 28-апрелинде саат 12:45 чамасында Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 1978-жылы туулган Майрамбек (аты өзгөртүлдү М.З.Д.)  башкарып бараткан.

Укук коргоо органдары билдиргендей, аталган аймакта 2012-жылы туулган Нарын шаарынын Ж.А. аттуу тургуну жолго чыга калганда айдоочу рулду буруп жиберип башкарууну жоготкон. Натыйжада, ал 2000-жылы туулган К.Н. атуу жаранды сүзүп алган.

“Тез жардам” кызматы К.Н.ны Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен. Бирок ал алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Ал эми 2012 -жылы Ж.Анын буту сынып, оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя болгон учурда унаанын айдоочусу соо болгону аныкталган.

Маркумдун эжеси унаа аны бир нече метрге сүйрөп кеткенин айткан. Каза болгон жаран 2,5 жаштагы баласы менен кичинекей ымыркайын тарбиялап келген. Ал банкта практика өтөп жүргөн. Кырсык болгон күнү баласын эмизүү үчүн жумуштан үйүнө кайтып келе жаткан.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Майрамбек күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучу тарап менен элдешкенин айткан. Анын адвокаты өндүрүштү токтотууну суранган.

Жабыркаган тараптын өкүлү дагы эч кандай дооматы жок экенин айтып, ишти токтотууну өтүнгөн.

Иштин материалдарын карап чыгып, Нарын шаардык сотунун судьясы Ч.Дүйшөбаева 2021-жылдын 22-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү жана 297-беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча өндүрүштү эки тараптын элдешкендигине байланыштуу токтотулуп, Майрамбек кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости