www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар кимди боктоп-сактап, жамандаганды жерине чейин үйрөнгөн атамбаевчи депутат Ирина Карамушкина Атамбаевге карай ким ок атканын социалдык тармактарда, роликтерде жазылып калганы тууралуу саймедиреди. Дагы бир гипотеза боюнча Атамбаевдик команда элди өздөрүнө тартуу үчүн «кара пиарга» өздөрүнүн кишилерине тийгизбей ок аттырышкан деген да кеп бар. Эгер Атамбаевге каршы ок атылса, эмгиче өз милдетин «терең» билишкен коопсуздук органдары жердин түбүнөн болсо да таап чыгышмак. Балким экинчи гипотеза туура болуп жүрбөсүн? УКМКнын 9 -чу Башкармачылыгынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев 2020-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн башаламандык боюнча тергөөгө чакыртылган. 2020-жылдын 5-6 жана 9-октябрындагы ызы-чуунун «башкесерлери» катары Жеңиш Молдокматов, Ирина Карамушкина, Канат Сагымбаевдер күнөөлөнүп турат. Албетте, экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс өкмөт башчылары Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаковдор, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовго караганда булар жаян алдындагы балыктардай эле болсо керек.

2020 –жылдын 9-октябрында камактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Атамбаевден куугунтук көрүп жүргөн мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшкөн. Атамбаев оодарылган бийлик жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, бул бийликти өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.

Андан ары алар жүрүш менен Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына келишкен. Бул топто Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина сыяктуу мамлекетке жакшылыкты эмес жамандыкты каалап тургандар кошулган. Нааразы топко жаш активисттер да аралашкан. 9-октябрь күнү Бишкекте минимум төрт саясий акциялар болгон:

1) Биринчи саясий акция биз сөз кылып жаткан Алмазбек Атамбаев башында турган, көпчүлүгү 6-октябрда камактан жаңы бошотулгандардыкы болгон.

2) Экинчи акция Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактагысы келген Садыр Жапаровдун тарапташтары саясий акция уюштурган.

3) Үчүнчү бийликти капыстан алмаштырышкандардын саясий акциясы болуп жаткан.

4) Төртүнчү түрмөдөн бошотулгандарга жана криминалдык кылмышкерлерге каршы чыгышкан митинги болуп жаткан.

Алмазбек Атамбаевди колдогондордун саясий акциясы «Форум» ишканасында уюшулуп, бийликти ээлеп алыш үчүн Бишкектин Борбордук аянтына келген. Бул жерде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов миңдеген топко келгендерге карата сөз сүйлөшүп, элди бийликти ээлеп алууга багыттаган.

Атамбаев уюштурган адамдар жүздөрүнөн жарык чачып, жеңиш биздики деген эмдемсинүү менен Борбордук аянтка келишкен. Ошол мезгилде айтылып, социалдык тармактарга чыккан материалдарга караганда Өмүрбек Бабанов бул күрөшкө Алмазбек Атамбаевди бетке кармап, эң биринчим мүмкүнчүлүк пайда болору менен, аны бийлик жактан көзүн тазалап, кийинки ролдорго жылдырмак. Бул тууралуу ал өзүнүн ишенимдүү адамдарына айтып жатканы видео-ролиги ошол учуруда көрсөтүлгөн. Бабановдун тилегине каршы ошол мезгилде экинчи саясий акция уюштуруп Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактагысы келген Садыр Жапаровдун тарапташтары келип калат. Ошол жерден бул эки топтун ортосунда тиреш башталат. Аянтта тургандарга абактан чыккан башка саясатчынын тарапкерлери өкмөт үйү тараптан келип, таш, бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министрлер Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдиришип, алар элди карама-каршылыкка чыгаруу үчүн , «кара пиар» үчүн атылган деген фактыларды айтышкан. Аянттагы кагылыштан жети адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалган. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жылга соттолгон. Түрмөдөн бошогон мындан башка дагы бир нече адам, анын ичинде Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев жана башкалар да кайра колго түшүрүлгөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен чогуу 10-октябрда өткөргөн. Натыйжада мамлекеттик экс-башчы жана анын сакчылары кайра колго түшкөн. Интернетте тарап жаткан сүрөттө операция учурунда мурдагы президенттин уулдары Сейид Атамбаев менен Кадыр Атамбаев да дубалга такалып турганын көрүүгө болот. ИИМ Сейид жана Кадыр Атамбаевдер жана «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков окуяга күбө катары кармалганын маалымдаган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов жашынып жок болушкан.

Ушул башаламандыктын башында турган Өмүрбек Бабанов биринчилерден элди таштап машинасына түшө качкан. Бул башаламандык алардын шермендечилиги менен же Борбордук аянттан качуу менен аяктаган соң журналисттерге маек берген Өмүрбек Бабанов: «9-октябрда аянтта жөн гана тынчтык митинги болчу. Биз түлөө өткөрүү үчүн чогулганбыз. Анан капыстан жин тийип кетип кандайча бийлик алуу үчүн аракет кылгандарыбызды билбейм» -деп өзү уюштурган башаламандыкты жин тийип кеткен магнитттик бороонго салыштырган.

Бул окуяга байланыштуу ИИМ Кылмыш кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган. Белгисиз автоунаага ок чыгарып жаткан адамга издөө жарыяланган.

Бул окуянын башталышы мындай. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровдун жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Бул күнү жалпы жонунан Алмазбек Атамбаевдин тогуз тарапташы эркиндикке чыкты. Алардын арасында Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Бабиев, Канатбек Рыспек уулу жана Дамир Мусакеев бар. Атамбаевдин жакын адамы делген, анын бийлиги учурунда Бишкек шаарын башкарган Албек Ибраимов да бошотулган.

Булардын камактан бошотулушу туура болгонбу? Биринчиден, бардыгы мыйзам талаасына келиши керек, алар эмне үчүн бошонушу керек?  Экинчиден, түрмөдөн чыгып кеткендердин бардыгы ордуна кайтарылышы туура болду. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыктан, сот процесси кайра жүрүп, баарынын иштери сотто кайра каралышы шарт. Анткени түрмөдө башка да адамдар бар да. Булар чыгып кетсе болот, катардагы жаран чыкса болбойт дегендей мамиле болбош керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости