www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан жарандарынын көбөйүшүнүн сыры…

Афганистандагы окуядан кийин Бишкек шаарында жана айылдарда оогандык качкындар көбөйүп кетти деген ар түрдүү пикирлер жаралып, кооптонгондор болууда. Мындан улам пакистандыктардын эмне себептен көбөйүп кеткенине кызыгып көрдүк.

2009-жылы кабыл алынган "Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимге ээ болгон чет мамлекеттердин жарандарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизген жаңы токтом Министрлер Кабинетинин төрагасынын колу менен 2021-жылдын 8 июлунда чыккан. Тизме дүйнөнүн 79 мамлекетине тиешелүү. Алардын 11 мамлекетине Кыргыз Республикасы өзгөчө эрежелерди орноткон. Анын ичинде Египет, Индия, Марокко, Пакистан өңдүү мамлекеттер бар. Ушул өлкөдөн келген жарандарга жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим 2022-жылдын 31-декабрына чейин жарайт.

Биздин өлкөдө Индия жана Пакистандан келген миңдеген студенттер билим алышат. Бул жылы окуу 15-сентябрдан баштап кадимки режимде окутула баштайт. Ага алдын-ала келгендер да бар. Акыркы жумаларда Пакистандын Исламабад, Лахор, Пешавар шаарларынан Пакистандын студенттери келишүүде. Пакистандын жарандары визаны Бишкек аэропортуна келип түшкөндөн кийин алышууда. Бул иш-чара инвестициялык, ишкер жана туристтик тармакты өнүктүрүү багытын көздейт. Жөнөкөйлөтүлгөн виза режим чынында чет өлкөлүк жарандардын көп келишине таасирин берүүдө. Мындан Кыргыз Республикасы утулбайт, утуш гана табат. Анткени, транзит өлкө болуу менен жакшы акчаларды түшүрүп алса болот.

Чет өлкөдөн, өзгөчө Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген жарандар кайра өз багыттарын Сауд Арабиясына бурушат. 2020-жылы Сауд Арабияда 2,5 млн пакистандыктар болгондугу тастыкталган. Пакистандыктар ушул тапта Бишкекте жана Ысык-Көлдө көп жүрүшүүдө. Ысык-Көл районунун көл жээкке жакын көптөгөн айылдарында жана өзгөчө Чолпон-Ата, Бостериде жүрүшкөнүн көрдүүгө болот. Көл жээгинен алардын айрымдарын сөзгө тартып, баарлаштык.

"Биз Пакистандын Пешавар шаарынан келдик. Бишкекке учуп келип, Сауд Арабиясына кетели деп турабыз. Көбубуз Бириккен Араб Эмирлигинде жана Сауд Арабиясында ар кыл жумуштарда иштейбиз. Бишкекке транзит менен келип, Сауд Арабияга учканы турабыз. Бирок, дароо уча албай, күтүүгө туура келүүдө. Анткени, Бишкектен Сауд Арабияга бир күндө бир гана самолет учуп жатат. Биз болсо кетээр күнүбүздү күтүп, күн өткөрүүнүн айласында ар кайсы жерди кыдырып жүрөбүз. 11 күндөн кийин кетебиз. Күн өткөрүү үчүн Бишкектин ичин кыдырдык, анан Ысык-Көлдү көрүү үчүн атайын келдик. Кыргыз жери Пакистанга абдан окшош экен. Биздин да ушундай тоолорубуз, көлдөрүбүз бар. Кыргыз эли абдан меймандос, ачык жана билимдүү экен", - дешти жашы 30га чыга элек пакистандык мигранттар. Алардын аялдары, кичине балдары үйлөрүндө калышкан. Алар күйөөлөрү салган акча менен жашашат.

Ал аңгыча пакистандыктардын "Бостери" пансионатынын жээгинде топтошуп алып ырдап, бийлеп, "Пакистан!" деп кыйкырган видеосу тарады. Мындан кийин Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына жумушка бара жаткан Пакистандын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскерткенин билдиришти. Мындай түшүндүрүү иштерин милиционерлер Чүй облусунда да жүргүзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости