www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атлантика океанындагы "Титаниктин" урандыларына экспедиция жасаган "Титан" суу астында жүрүүчү кеменин бортунда беш киши, анын ичинде пакистандык миллиардер Шахзад Давуд жана анын уулу Сулейман бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда британиялык Sky News телеканалы билдирди.

Бир күн мурун туристтерди 3,8 миң км тереңдиктеги "Титаниктин" урандыларына жеткирген OceanGate Expeditions жүргүнчү лайнери сууга түшкөндөн 45 мүнөт өткөндөн кийин байланышка чыкпай калган.

"Бортунда пакистандык Давуддан тышкары британиялык миллиардер жана изилдөөчү Хамиш Хардинг, франциялык суучул учкуч Пол-Генри Нарголет, OceanGate Expeditions компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү Стоктон Раш бар", - деп айтылат басылманын макаласында.

Британиялык Daily Mail гезити 48 жаштагы Давудду Пакистандагы эң бай адамдардын бири деп атайт. Ал штаб-квартирасы Карачиде жайгашкан, ар кандай тармактарды камтыган Engro Corporation компаниясынын вице-президенти. Ошондой эле, ал 1976-жылы Улуу Британиянын азыркы королу Чарльз III негиздеген Prince's Trust кайрымдуулук уюмунун жетекчилигине кирет.

Учурда окуя болгон жерде АКШнын Жээк коопсуздук кызматы жетектеген аскердик учактардын катышуусунда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин дайынсыз жоголгон кеменин экипаж мүчөлөрүнүн бири Рори Голден байланышка чыкканы кабарланган. Ал Фейсбуктагы баракчасында абалы жакшы экенин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости