www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы Прогрессивдүү билим берүү институтунун адистери пандемиядан кийин кайсы кесиптерге суроо-талап өсөрүн айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, пандемия аяктаган соң кризистик учурда ишкананы алдыга жылдыруу, каражатты туура сарптоо боюнча консультанттар абдан зарыл болот.

Мындан тышкары, көпчүлүк ишканалар дистанттык түрдө иштөөнү уюштура алган программист, контент-менеджер, SMM-адистерди издешет.

"Жумуш берүүчүлөр Call-борборлорго консультанттарды, интернет-дүкөндөргө сатуучуларды, курьерлерди, айдоочуларды жана диспетчерлерди дагы талап кылышат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сантехник, эмерек чогултуучу, сүрөтчү сыяктуу адистер жумушсуз калбай турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости