www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жолдошу келинчегин сабап салган. Бул тууралуу Аман Озубеков аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты. Анын айтымында эжесин жездеси үй-бүлө кургандан бери, башкача айтканда, 4 жылдан бери сабап келген.
Жабырлануучу милицияга көрсөтмө берип жатканда жолдошу 2 кичинекей баласынын көзүнчө анын чачынан сүйрөп, тулку-боюна кантип тепкилегенин айтып берген.
Сабалган келинге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө коё жиберилген.
Борбор шаардын комендатурасы бул фактынын чындыгын тастыктап, "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.
"Азыркы учурда тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган. Анын натыйжасында эркектин кылган иш-аракетине юридикалык баа берилет. Ал чакырган убакта келип туруу милдеттенмеси менен бошотулду",-деп комендатурадан маалымдашкан.
Булак: NazarNews.kg