www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемиянын дүйнөлүк экономикага жана социалдык багытка тийгизген таасири 1998-жылы болгон Азия кризиси менен бир деңгээлге коюлуп жатат. Бул тууралуу КМШнын Статистика боюнча мамлекет аралык комитетинин башчысы Владимир Соколин Экономикалык кеңештин жүрүшүндө айтты.

Анын пикирине караганда, статистика боюнча иштеген бардык адистер пандемиянын экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөргө тийгизген терс таасирин чагылдырганга аракет кылууда. БУУнун бөлүктөрүнүн бири муну изилдеп, ал үч том болду.

"Үчүнчү томдо эксперттер пандемия 1998-жылы болгон Азия кризиси сыяктуу эле өзгөчө социалдык багытка катуу таасир эткендигин айтышууда. Эске сала кетсем, ал каатчылык Россияга чейин жетип, дефолт жарыяланган эле", — деди Соколин.

Азия финансылык кризиси 1997-1998-жылы дүйнөлүк экономиканы аңтар-теңтер кылып кеткен. Ага "Азия арстандарынын" экономикасынын ыкчам өсүшү жана корпоративдик, мамлекеттик карыздардын арбышы себеп болгон. Жыйынтыгында бир катар мамлекеттердин валюталарынын куну түшкөн. Кризистин кесепети 2001-жылдан тартып азая баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости