www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Коргонуу министрлиги коронавируска каршы жаңы препарат даярдоого киришти. Ал сагыз түрүндө болмокчу. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.

Агенттиктин маектеши иш № 48 Борбордук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жатканын билдирген.

«Колдонуу үчүн ыңгайлуу формада чыгарылган препарат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет», — деген ал.

Эске салсак, 2020-жылы Коргонуу министрлиги Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен биргеликте «Спутник V» вакцинасын чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости