www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин бир нече министрдикти башкарганы менен майнаптуу иш кылбаган Олег Панкратов дегенди жаны өкмөт Экономика министрлигине сүйрөп келген. Бул эргул азыр мамлекетти багып жаткан ишкерлердин кыжырын кайнатып, сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн беш пайызга чейин көтөргөну жатыр. Тактап айтканда, Экономика министрлиги Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн эки пайыздан бешпайызга чейин көтөрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Панкратов бул чара жашынып жүргөн салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгараарын билдирип, оозун куу чөп менен арчууда. Ал эми ишкерлер болсо «көмүскөдөн чыгаруунун башка жолдорун табыш керек, дешүүдө.
Эми Панкратовдун мыйзамы менен адилеттүү соода кылгандардын товарлары мындан ары беш пайызга кымбаттаса, көпчүлүгү бийликтин колдоосу менен көмүскөдө иштегендер андан арзан акчага маарып баштайбы?
Булак: Де-факто