www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Шалта айылында сугат суунун жоктугунан улам эгиндер быйыл күйүп калган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жай саратан өтүп баратканына карабай эгиндер араң бир суу ичкен бойдон калды, беделер бир гана чабылган бойдон калган, жүгөрүлөрдүн бою бир метрге да жетпейт. Сокулук райондук суу башкармалыгынын кетирген кемчиликтеринен жана өзүм билемдигинин айынан бүгүнкү күндө 500 гектарга жакын эгин жерлер суусуз какырап турат.

Былтыр июнь айында президент Сооронбай Жээнбеков (акездеги премьер-министр) Чүй облусуна жасаган иш сапарында талаачылык иштеринде суунун табигый жоготуулары көп болуп жаткандыктан, “Шалта” каналын курууну тапшырган. Сокулуктун акимчилиги менен Гавриловка айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 9 млн 600 миң сомду түзгөн долбоор иштеп чыккан. Долбоорго ылайык 3500 метр трубалар өткөрүлүп, Сокулук, Кызыл-Туу, Гавриловка айыл аймактарындагы 700 гектар жер сугарылмак. Өкмөт башчы айыл-чарба аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн бул долбоорду ишке ашыруу маанилүү экенин белгилеп, бюджеттен 9,6 млн сом бөлдүргөн.

Арык аркылуу 500 литр суу агып, анын 160 литри шалталыктардын жерине бөлүнмөк. Айылдыктардын белгилешинче, латок толо суу акканда да 500 литрге жетпейт. Акимчиликтен келген кишилер, райондук суу башкармалыгынын жетекчиси Жумашалиев Кубанычбек “латоктон 500 литр суу агып жатат, Шалтага 160 литр бөлүнүүдө” деп, жергиликтүүлөрдүн каршы болушканына карабай, өздөрүнө ыңгайлуу акт түзүп кетип калышкан. Суу бөлүүчү жерди ыңгайсыз кургандыктан, айылга карай тиешелүү көлөмдөгү суу акпай турат.

Быйылкы жылда түшүмсүз калган шалталыктардын көйгөйүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кулак сыртынан кетирип, шалаакы мамиле жасашууда. Айласы кеткен эл президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнөн ишарат болуп калаар бекен деген үмүттө турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости