www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы пансионатта 25-июлда чыккан өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы дурус.

Кожояр айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Табылдиев "Азаттыкка" билдиргендей, өрттө үч киши жараат алган. Турак-жай өрттөнүп атканда ичинен жардам сурап чакыргандарга жергиликтүү балдар кирген. Ошондо газ жарылып, үч адам күйүк алып, Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилген.

Тилсиз жоо алгач пансионаттагы имараттардын биринен чыгып, калгандарына жайылган. Жалпысынан он коттеж өрттөнгөнү тууралуу маалымат бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоодон жабырган үч киши экинчи даражада күйүк алганын билдирди.

Өрт тууралуу маалымат кечки саат 18.24тө түшкөн. Аны өчүрүүгө үч топ тартылып, саат 20:51де чектөөгө алынган. Кырсык "Лагуна сити" эс алуу жайында болгон. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости