www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри ким болоору чечилди. Мындай чечим кальян-кафеде кабыл алынды. Ооба, мэриянын имаратында эмес... бака-шака, кальяндын ышы толгон кофейняда. Кечээ кечинде шаардык кеңештеги фракциялардын лидерлери Бишкектеги “Social coffee” аттуу кальян-кафеде жолугушуп, Азиз Суракматовдун сыйын көрүп, ага ак батасын бермей болушту. “Social coffee” кофейнясы шардын эки жеринде бар: 8-кичирайондо “Космопарктын” жанында жана И.Раззаков көчөсүндө.

Азиз Суракматовду КСДПнын депутаты Иса Өмүркулов сүрөп баратканы буга чейин айтылып келген. Ал А.Суракматов үчүн президентке кирип, макулдашып чыкканын айтып, шаардык кеңештин депутаттарына салам-дубай айткан жана аларга чай берүүнү убадалаган. Иса Өмүркулов менен Азиз Суракматов экөөн идеялар эмес, бизнес кызыкчылыктар бириктирип тураары маалым. Биринчиси мэр кезинде азыркы талапкер досуна Ак үйдүн батыш жагынан эң кымбат деген жер тилкесин документтештирип берген.

Тасма: https://www.facebook.com/tynjtyk/posts/1812066635536884

Булак: NazarNews.kg

Последние новости