www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-июнда судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Башкы прокуратуранын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакованы жоопко тартуу боюнча сунушун карады. Бул тууралуу “Коомдук анализ институтунун” сайтында жарыяланды.

Максат Орозбакова өзү отурумга келе алган эмес, анткени 5 жаштагы кызы ал күнү химиотерапия алган.

“Отурум жабык эшик артында өттү. Натыйжада, комиссия судьяны жоопко тартууга макулдук берди” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Биринчи Май райондук сотунун судьясы Максат Орозобекова жарандык ишти оңунан чечип берүү үчүн 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости