www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда өлкөгө Түштүк Кореядан Кыргыз жарандары кайтып келишти. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Air Astana" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматыга 3 кыргыз жараны учуп келди.

"Алматы шаарынан биздин жарандар атайын даярдалган транспорт менен өлкөгө келишти. Андагы бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартиптин негизинде обсервацияга алынды. Жаңы келгендер медициналык көзөмөлдө болушат. Жарандарды алып келүү казак тараптын кызматташуусунун негизинде ишке ашты. Чет мамлекеттерде калган мекендештердин өлкөгө кайтуусуна мүмкүнчүлүк түзүү боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости