www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрттөрдүн Париждеги коомдук борборунун жанында болгон ок атууда үч киши мерт кетти, бир нече адам жараат алды. Кармалган 69 жаштагы шектүү адам буга чейин расисттик мүнөздөгү зомбулук үчүн камалган экен.

Кол салуу баш калаанын Анген көчөсүндө, борборго жакын жерде болгонун француз маалымат каражаттары кабарлашты. Ал чөлкөмдө эки чоң темир жол вокзалы орун алган. Шектүү күрттөрдүн борбору, ресторан жана чач тарачты көздөй тапанчадан ок аткан. Анын атын полиция шардана кылган жок.

Прокуратура шектүү былтыр мигранттар лагерине кол салганын билдирди. Ал 12-декабарда соттук көзөмөлгө чыккан.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости