www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда Аталар жана энелер күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун депутат Медербек Алиев демилгелеген.

Анда Аталар жана энелер күнүн 15-мартта майрамдоо каралган. Ал күн эс алуу күнү болбойт.

Эми мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 2012-жылы Энелер күнүн белгилөө бекитилген. Ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости