www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент Башкы прокурордун отчетун жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 2020-жылы өлкө аймагында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө прокуратура органдарынын аткарган иштери тууралуу Башкы прокурордун отчетун канаттандыраарлык деп тапты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматында, 2020-жылы өлкөдө 140 миңге жакын кылмыш катталганын кабарлады. Мунун ичинен 78 миң 254ү кылмыш, 61 миң 236сы жорук болуп эсептелет.

Бул мурунку жылга салыштырмалуу 24 миңге аз, 2019-жылы 160 миңден ашык кылмыш катталган.

Былтыр Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүрүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Эмил Токтошев  жаңы Конституциянын нормаларына ылайык 5 кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү, «тергөө менен келишимге баруу» деген түшүнүктү жоюу  боюнча маселе көтөрдү. Курманкул Зулушев кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча ченемдик-укуктук актылар иштелип чыккандыгын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш ишин козгоо, активист Тилекмат Куреновду бошотуу тууралуу маселе көтөрдү.

Зулушев мындан тышкары, аткезчиликке бөгөт коюу, коррупцияга каршы күрөшүү, саясий куугунтукка жол бербөө, мыйзамдардын бирдей  аткарылышы боюнча суроолорго жооп берди.

Буга чейин парламенттин эки тармактык комитети Башкы прокурордун отчетун угуп, жактырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости