www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17- жылдык кайрылуусу бул жолу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди.

Анткени Украинанын чыгышына аскер күчтөрүн топтоштуруунун айынан Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып, тирешүү чегине жетип турган чакта Владимир Путиндин бул кайрылуусу эл аралык деңгээлде кызыгуу жаратты.

Ал эми өлкөнүн ичинде Путиндин кайрылуусу оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган нааразылык чаралары башталган маалга туш келди.

Ошондой эле быйыл күзүндө Орусияда Мамлекеттик думага шайлоо өтөт.

"Биздин коопсуздугубузга коркунуч келтирүүнү максат кылган чагымчылар буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу өкүнүп калаарын эскерте кетмекчимин", - деди Путин.

68 жаштагы КГБнын мурдагы офицери болгон Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери премьер-министр жана президент катары башкарып келе жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости