www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын комендантына суроо берди.
«Кандай чектөөлөр алынып, кандай жеңилдиктер болот? Коменданттык саат саат канчадан канчага чейин болот? Ошону так айтасаңыздар», - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча буйруктун долбоору даяр. Эми коменданттык саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин болот. Учурда башка чектөөлөр боюнча маселе каралып жатат.
Ошондой эде Дастан Бекешев таксисттерге жеткирүү кызматын көрсөтүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
Ал эми комендант учурда жеткирүү кызматтары иштеп жатканын айтып өттү.
Анын айтымында, Ош облусундагы өзгөчө абал режими кирген аймактарда коменданттык сааттын мөөнөтү 2 саатка кыскарган.
Булак: NazarNews.kg