www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, өлкө боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 449га жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-маалымат берип жатып айтты. Анын ичинен 78 адам айыгып чыккан.
Үсөнбаевге: "Бейтаптардын психологиялык абалы кандай? Аларга психологдун жардамы керек болсо жардам берилеби?", - деген суроо берилип, чиновник ага төмөнкүчө жооп берди:
"Ооба, туура суроо. Айрым бейтаптар депрессия болуп жатат. Айрымдары оорусу тууралуу укканда өтө чочубай кабыл алышат. Анткени кээ биринде оорунун белгилери көп байкалбай өтөт. Арасында кимге психологдун жардамы керек болсо аларга мындай жардам көрсөтүлүп жатат. Психологиялык жардам бардыгына, анын ичинде медицина кызматкерлерине дагы каралган. Алар менен иштөө үчүн бир нече психолог тартылган. Сутка ичинде 981 адамга изилдөө жүргүзүлгөн", - деди министрдин орун басары.
Булак: NazarNews.kg