www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Жергиликтүү бийлик органдары оорулуулар менен байланышта болгон жактарды аныктоо жана аларды тестирлөө боюнча ишти улантуусу зарыл. Бардык багыттар: азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, жазгы-талаа иштерин жүргүзүү, аз камсыздалган жарандарга даректүү көмөк көрсөтүү жана башка маанилүү маселелер боюнча күчтөндүрүлгөн ишти улантуу керек. Тийиштүү органдар коменданттык сааттын режимин сактоо, жарандардын негизсиз кыймылын чектөө боюнча ишти активдештирүүсү тийиш», - деди Кубатбек Боронов. 

Ыкчам штаб кыргызстандыктарды социалдык обочолонууга жана өз үйлөрүндө болууга чакырды. 

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости