www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Максат Сабиров Орусиядагы мигранттардын абалы боюнча маселе козгоп, аларга бюджеттен бөлүнгөн 10 млн сомдун дайынын сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Консулдуктагылар акча каражат келбей жатат деп айтып жатышат. Новосибирскде хостелдерде жаткан жарандарыбызды кеткиле деп чыгарып жатыптыр. Силер болсо акча берилди деп жатасың ар, ал жакта акча жок деп жатышат, акча кайда?”, - деп суроо салды эл өкүлү.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бөлүнгөн акчанын ар бир тыйынына чейин отчет берилерин белгилеп өттү.  

Депутат Максат Сабиров Кыргызстанда да башка мамлекеттер сыяктуу элге  азык-түлүк менен эмес, накталай акча берилсе болмок, мында да бизнес болуп жатат деген пикирин билдирди.  

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев каржынын тартыштыгына байланыштуу элге азык-түлүк катары жардам берилип жатканын белгилеп, бул экинчи жагынан карантинди сактоодо натыйжалуу болууда деди. “Акча берилген күндө деле ал баары бир азык-түлүк алат да. Продуктуга барганда үйдө отур деген принцип бузулат. Ошондуктан биз өзүбүз жеткирип бергенибиз оң болууда”,-деп жооп берди ал.

Депутат Азизбек Турсунбаев ушул күнгө чейин дарыгерлер  жумушуна баруусуна тоскоолдуктар болуп, ал чыр-чатакка чейин жетип жатканын белгилеп, маселени жоюу сунушун берди.  Ошондой эле кызматынан кийин  14 күнгө обсервацияга алынып жаткан медициналык кызматкерлердин маянасы төлөнүп берилиши зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, депутат Алтынбек Жунус уулу өндүрүш, өнөр жай үчүн чектөөлөрдү азайтууну колдой турганын билдирип:

“Ишкерлер Кара-Кечеден көмүр алалы деп 300 чакырым жерди басып барып, 10 км калганда киргизбей коюшуптур. Кеп-сөзгө келбегендиктен алар кайра  артка кайтышыптыр. Вируска тиешеси жок жерлердеги блок-посттор эч нерсени жылдырбай жатат”, -деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости