www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султан шаарында эркек киши тил укпагандыгы үчүн 4 жашар кызды аёосуз сабап салган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Окуя мындан бир апта мурда катталды. Окуя болгон күнү апасы Виктория үйгө келип жарым жан болуп сабалып жаткан кызын көргөн.

Белгилүү болгондой,4 жаштагы кызды апасы менен мамиледе болуп жүргөн 46 жаштагы спортчу колу менен, таяк менен уруп-соккон. Ал буга чейин олуттуу мамиледе болгусу келгенин айтып жүргөн.

Кызга зомбулук көрсөткөн киши күнөөсүн мойнуна алган эмес, кыз кулап кеткен деп актанып жатат.

“Кызым кулап кеткен эмес, кийин балам аны кантип сабаганын, таяк менен урганын айтып берди. Бул окуяга эч ишене албай, таң калып турам“,-деп Виктория ыйлап айтып берген. Викторияны кызын сабаган киши арызданса кызды балдар үйүнө тааныштары аркылуу өткөрүп берип, өзүн түрмөгө каматып жиберем деп коркутуп жүргөн.

Кылмышка шектелген жаран кармалып, ал 1974-жылы туулган Нур-Султандын жашоочусу экени аныкталды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди, топтолгон материалдар сотко жиберилет.

Эгерде эркек кишинин күнөөсү аныкталса жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми кыздын апасы күнөөлүү жазасын катаалдатылган шартта жооп өтөөсүн каалайт жана башка аялдардан анын катасын кайталабоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости