www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамы талкууга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттар Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев, Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев. Алар мыйзамга 3 негизги өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбоору  жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү жана шайлоодон кийинки кризисттик коркунучтарды басаңдатуу максатында иштелип чыккан. “Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган анын негизги себеби ушул 3 маселе, андан тышкары дагы кемчиликтер бар. Анын баарын жөнгө салууга убакыт керек экен. Азыр ушул 3 өзгөтүүнү  колдоп коюуга чакырам”,  - деди депутат Алтынбек Сулайманов.

Белгилүү болгондой, алардын биринчиси - шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга тѳмѳндѳтүү, экинчиси – 2-форманы алып салуу, үчүнчүсү – күрөөнү 5млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу.

Ошондой эле  депутат Аалы Карашев мамлекеттик кызматтагылар эгер шайлоого катышса ал биротоло жумушунан кетсин деген сунуш киргизген. 

Өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жѳнүндѳ арыз бир гана жолу берилет.  Мында бир облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын чектеринде шайлоо даректерин ѳзгѳртүүгѳ тыюу салынат.

2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды түзсѳ, 2015-жылдан тарта 7 пайызды түзгѳн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости